Жылуулукка толгон күн. Манаста майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

Коом 3 декабрь 2025 16:05
594601758_1632434767738292_8972324531877343495_n.jpg
593264987_1632434581071644_4711657354516644841_n.jpg
593276799_1632434977738271_8545377708103244591_n.jpg
594552801_1632435421071560_5249634193090872458_n.jpg
594553741_1632434741071628_4315478866690067581_n.jpg
594556093_1632434621071640_4654718597440339554_n.jpg
594565670_1632434667738302_9216870977241534097_n.jpg
594585572_1632434944404941_8367294115085166227_n.jpg
594589427_1632435394404896_5584399191403942289_n.jpg
594604160_1632435271071575_7897779832115006018_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. 3-декабрь -Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Манас шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Назгүль Айдарова жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда мэр Эрнисбек Ормоков аярлуу адамдарды кароодо дарыгерлердин, борбордун кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилеп, жергиликтүү бийликтин атынан акча каражатын тапшырды. Ошондой эле аталган мекемеге балдар ойноочу аянтча куруп берерин убадалады.

Учурда бул мекемеде 4 жаштан 18 жашка чейинки 100дөн ашык бала тарбияланат.

Белгилей кетсек, шаар аймагындагы майыптыгы бар 925 жаранга жергиликтүү бюджеттен 462 500 сом акча каражаты ажыратылды.