Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Манас шаарында курулуп жаткан президенттин "Акылман" лицейи кийинки окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал лицей куруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы экенин белгиледи.
"Президенттин тапшырмасына ылайык мындан ары биз социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Өлкө башчысы дайыма мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды сапаттуу куруу жана курулушун тездетүү боюнча тапшырмаларды берип турат. Ошондуктан мен ушул маселелерге көптөгөн убактымды, күчүмдү жана мүмкүнчүлүгүмдү жумшап атам", - деди ал.
Ташиев Жалал-Абад облусундагы "Акылман" эң чоң лицей болорун белгиледи.
"Биринчи жолу курулган Ысык-Көлдөгү лицейден дагы чоң болот. Лицейди кийинки окуу жылында пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз", - деди Ташиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаарынын мэриясы Р.Азимов көчөсүнө курула турган президенттин "Акылман" лицейинин эскиздик долбоорлору менен бөлүшкөн. Муниципалитеттин маалыматына караганда, лицейдин жалпы аянты 2,4 гектарды түзүп, 360 орундуу болмокчу. Мында 3 кабаттуу окуу имараты, спорт зал, 25 метрди түзгөн бассейн, 420 орундуу жатакана, 280 орундуу жыйындар залы, мугалимдер үчүн 25 батир курулат.