Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда кыргыз авиациясынын тарыхын чагылдырган музей куруу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, музейде кыргыз авиациясынын тарыхына байланыштуу экспонаттар, тарыхый материалдар жана авиациялык техника үлгүлөрү көрсөтүлөт. Ошондой эле интерактивдүү жана билим берүүчү аймактарды уюштуруу каралган.
Долбоордун алкагында мурда мамлекеттик жетекчилерди ташуу үчүн колдонулган №1 учакты да музейге коюу пландалууда.
“Балдардын кичинекей кезинен авиация менен таанышып, бул тармакка кызыгуусун арттыргыбыз келет. Анткени бүгүнкү күндө авиацияда да кадр маселеси бар. Музей келечек муундун авиацияга болгон кызыгуусун ойготууга өбөлгө түзөт”, — деди Манасбек Самидинов.
Долбоор авиация тарыхын таанытуу менен катар аэропорттун туристтик жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да багытталган.