“Манас” академиясы китеп күнүнө карата 1629 китепти белекке берди

Коом Загрузка... 16 Февраль 2026 14:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. 13-февралда “Манас” улуттук академиясы Эл аралык китеп тартуулоо күнүнө карата жалпы саны 1629 экземпляр китепти бир катар мекемелерге жана уюмдарга тапшырды. Бул тууралуу аталган академиядан билдиришти.

Академия тарабынан басылып чыккан китептер төмөндөгү мекемелерге:

  • Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын фондуна;
  • Бишкектеги борборлоштурулган китепкана тармагына караштуу 42 китепканага;
  • Кыргыз улуттук илимдер академиясынын китепканасына;
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы китепканасына;
  • Бишкек мамлекеттик университетинин башкы илимий китепканасына;
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы илимий китепканасына жана филология факультетинин илимий китепканасына;
  • Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасына жана белгилүү басмаканаларга берилди.

Ошондой эле академия А.Осмонов атындагы улуттук китепкана менен биргеликте “Китеп жан дүйнөгө эшик ачат, жарык чачат” аталышындагы маданий-агартуу иш-чарасын өткөрүп, ага маданият өкүлдөрү, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, китеп сүйүүчүлөр жана китепкана кызматкерлери катышты.

Андан сырткары, кыргыз эл акындарына, жазуучуларына, коомдук ишмерлерге жана жазуучулар фонддорунун өкүлдөрүнө “Манас” улуттук академиясы тарабынан даярдалган баалуу китептер белекке тартууланды.