Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов "Кабар" агенттигине билдиргендей, "Манас" аэропорту дүйнөдөгү учактардын каалаган түрүн кабыл алууга толук жөндөмдүү.
"Биз бир орунда турбай, өнүгүп, инвестиция тартып жатабыз. Европа каттамдары ачылган учурга чейин инфраструктура толугу менен даяр болот. Ошондой эле коңшу мамлекеттерден артта калбоо үчүн жаңы технологияларды, жасалма интеллектти, автоматташтырууну жана санариптештирүүнү активдүү киргизип жатабыз.
Мындан сырткары, биз чөлкөмдүн тарыхында алгачкы жолу жүктү иштетүүнүн автоматташтырылган тутумун ишке киргизип жатабыз. Мындай тутум коңшуларыбыздын эч кимисинде жок деп ишенимдүү айта алам. Бул – жүргүнчүлөрдүн бардык жүктөрүн автоматтык режимде ылгай турган кымбат-баалуу жабдык", - деди Самидинов.