"Манас" аэропортунда эс алуу комплекси курулат

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. “Кыргызстан аэропорттору” ААКы "Манас" эл аралык аэропортунда логистикалык парк, авиация музейи, мечит жана аба кемелерин техникалык тейлөө үчүн заманбап ангар курууну пландоодо. Ошондой эле Ысык-Көлдө “Авиатор” пансионатын жана Бишкекте апарт-мейманканасы бар 25 кабаттуу бизнес-борборду куруу долбоорлору ишке ашырылат. Бул тууралуу аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, долбоорлордун арасында авиациялык жана авиацияга түздөн-түз тиешеси жок, бирок коммерциялык жана социалдык мааниге ээ демилгелер бар.

Алгач аэропорттун аймагында логистикалык парк куруу пландалууда. Презентацияга ылайык, долбоор үчүн 15,89 гектар жер бөлүнгөн. Анын алкагында А жана В класстагы бонддук кампалар, кеңсе жайлары жана жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана бөлүштүрүү зоналары курулат.

Самидиновдун айтымында, биринчи этапта ар бири 20 миң чарчы метрден турган эки кампа куруу каралууда. Жалпы аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул объектилерде кооптуу жүктөрдү, дары-дармектерди жана тез бузулуучу товарларды сактоого ылайыкталган атайын жайлар, ошондой эле аккредитацияланган лабораториялар болот. Долбоорго ири эл аралык логистикалык компанияларды тартуу пландалууда.

Мындан тышкары, аэропорттун аймагында аба кемелерин техникалык тейлөө борборун (MRO) инвесторлор менен биргеликте куруу пландалууда. Аталган борбордо кыргызстандык авиакомпаниялардын, анын ичинде Asman Airlines учактары тейленет. Ошондой эле чет өлкөлүк авиакомпанияларды тартуу менен алардын аба кемелерине техникалык тейлөө көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ишкана Asman Airlines авиакомпаниясынын DHC-8-400 үлгүсүндөгү учактары үчүн өзүнчө ангар курууну да караштырууда. Презентацияда заманбап ангар DHC-8-400 жана Airbus A321 үлгүсүндөгү аба кемелерин тейлөөгө ылайыкталары көрсөтүлгөн.

Ошондой эле аэропорттун аймагында авиация музейи жана көңүл ачуучу парк түзүлөт. Музейде Кыргызстандын авиация тарыхы, жетишкендиктери чагылдырылып, тарыхый аба кемелери жана авиациялык жабдуулар көрсөтүлөт. Долбоордун көңүл ачуучу бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Өзбекстан жана Казакстандагы ири парктарды башкарган операторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Балдардын кичинекей кезинен авиация менен таанышып, бул тармакка кызыгуусун арттыргыбыз келет. Анткени бүгүнкү күндө башка тармактардагыдай эле авиацияда да кадр маселеси бар. Музей келечек муундун авиацияга болгон кызыгуусун ойготууга өбөлгө түзөт”, — деди ал.

Мындан тышкары, аэропорттун аймагында мечит куруу пландалууда. Презентацияда мечит 2 миңден ашык адамды батырары көрсөтүлгөн. Анын курулушун 2026-жылдын аягында баштап, 2027-жылдын аягында бүтүрүү каралган. Долбоор жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен каржыланат.

Самидинов ошондой эле Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында “Авиатор” пансионатын куруу долбоору даяр болгонун маалымдады. Презентацияга ылайык, болжол менен 10 гектар аянтты ээлеген комплекстин курамында мейманкана, апартаменттер, коттедждер, таунхаустар, жабык бассейн, SPA жана фитнес-борбор, банкеттик зал, конференц-залдар жана башка эс алуу жайлары болот.

Долбоордун өзгөчөлүктөрүнүн бири — чыныгы учактын салонунда ресторан ачуу. Бул үчүн Nouvelair авиакомпаниясы Airbus A300 үлгүсүндөгү учагын акысыз берген. Учактын айрым техникалык жабдуулары алынгандан кийин анын салону ресторан катары пайдаланылат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы Манас проспектиси, 12а дарегинде апарт-мейманканасы бар 25 кабаттуу бизнес-борбор куруу пландалууда. Имараттын чатырында тик учактар конуучу аянтча болот. Долбоорго “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын да үлүшү каралган.