Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар жанданып, аба майданындагы абал турукташа баштады. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда көрүү аралыгы 1 миң 800 –3 миң метрди түзүп, туруксуз болуп жатканына карабастан, минималдуу чек 800 метрден төмөн түшкөн жок.
Авиациялык коопсуздукту эске алуу менен, буга чейин үзгүлтүккө учураган бардык каттамдар калыбына келтириле баштады. Жалпысынан кырдаал нормалдашып, аба каттамдары кадимки тартипте аткарылууда.