"Манас" аэропортунда оңдоп-түзөөдөн кийин кандай өзгөрүүлөр болот?

Коом Загрузка... 22 Октябрь 2025 11:25
487517191_986100367.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын Инфратүзүмдүк жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов "Биринчи радионун эфиринде оңдоодон кийин жүргүнчүлөрдү кандай өзгөрүүлөр күтүп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, "Манас" аэропортунда жөн гана оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок.

"Биз эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аэропорттун аянтын 18-20 миң чарчы метрден ашыкка кеңейтип жатабыз. Бул чоң оңдоо иштери болгондуктан, жолду убактылуу жабууга аргасыз болдук. Жүргүнчү имаратка киргенден баштап, учакка учканга чейин бардыгы өзгөрөт. Каттоо текчелеринин саны көбөйтүлөт, анткени бир эле учурда бир нече рейске каттоо жүргөндө биздин кызматкерлер жетишпей калышчу. Ошондой эле чек ара көзөмөлүнүн кабиналарынын саны көбөйөт, жүк ташуучу лента жаңыртылат жана башкалар", — деп айтып берди ал.

Ошондой эле Мамбетов жазында учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталганын белгиледи.

"Ал жерде жөн гана асфальт төшөлбөстөн, совет мезгилинен калган бардык иштер аткарылат. Негизги рулдук жол да кеңейтилет", - деди ал.