"Манас" аэропортунда оңдоо иштерине байланыштуу чектөөлөр киргизилди

Коом 551 02 Октябрь 2025 14:50
557992153_1093727472921653_478219198949056604_n.jpg
557463756_1093727506254983_1941298659376623372_n.jpg
Алдыга
Артка
557992153_1093727472921653_478219198949056604_n.jpg
557463756_1093727506254983_1941298659376623372_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда ички каттамдар залы аркылуу бир гана кирүү жана чыгуу мүмкүнчүлүгү иштейт. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, аэровокзалды оңдоо иштерине байланыштуу экинчи кирүү эшиги убактылуу жабылды.

Мындан тышкары, 1-октябрдан баштап тейлөөчүлөргө чектөөлөр киргизилдиг Ага ылайык, терминалдын имаратына жүргүнчүлөргө гана мүмкүн болот. Ал эми бул чектөөлөр коштоого муктаж жүргүнчүлөрго колдонулбайт.

"10-октябрдан тарта унаа токтотуучу жай да жабылат. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн аэровокзалдын имаратынын маңдайында жолдун аркы тарабында жайгашкан унаа токтотуучу жайлар гана иштейт.

Бардык өзгөртүүлөр терминалдын дагы бир бөлүгүн оңдоо үчүн жабууга байланыштуу болууда. Сапарды пландаштырууда бул чараларды эске алууну жана бардык процедуралардан өтүүгө алдын ала убакыт бөлүүнү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.