Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу авиакаттамдар кармалууда.
Аэропорттун маалыматы боюнча, учурда төмөнкү багыттар боюнча үч каттам кечигүүдө:
- Анталия;
- Казань;
- Шарм-эль-Шейх.
Аэропорттун аймагында көрүү мүмкүнчүлүгү мезгил-мезгили менен 300 метрге чейин төмөндөп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу саат 11:00гө чейин каттамдар кармалышы мүмкүн.
Жүргүнчүлөргө учуулардын тактап, маалыматтардын жаңылануусун байкап туруу сунушталат.