"Манас" аэропортунда 31-августта жана 1-сентябрда каттамдар чектелет

Коом 111 15 Август 2026 12:15
ммм.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.08.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу.

Мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алуу үчүн күндүзгү каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

  • 31-августта саат 9:00дөн 20:00гө чейин;
  • 1-сентябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК авиакомпанияларга каттамдарды бош убакыт аралыгына жылдыруу же зарыл болсо токтото туруу сунушталганын белгиледи.

"Манас" эл аралык аэропорту чектөө коюлган убакыттардан тышкары каттамдарды кабыл ала берет.