Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк: Ошто инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Ош шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизминин негизинде бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Ош облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Долбоор беш кабаттуу административдик имаратты курууну карайт. Инвестициянын жалпы көлөмү 228 млн сомду түзөт. Учурда үчүнчү жана төртүнчү кабаттарынын курулушу аяктап калды. Объектти быйыл пайдаланууга берүү пландалган.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров “Дельфин” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында заманбап фитнес-борборду куруу жана бассейнди реконструкциялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында түзүлгөн “Булак” спорттук-саламаттыкты чыңдоо комплексине барды. Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 95 млн сомду түзгөн. Спорт комплекси 2025-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген.

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору инвестицияларды тартуунун жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүү инструменттеринин бири. Бүгүн биз спорт тармагында жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мындай кызматташуунун конкреттүү жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Улуттук агенттик жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкө аймактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди мындан ары да колдоону улантат”, - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.