Мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди: Жаңы жеңилдиктер жана мүмкүнчүлүктөр

Коом Загрузка... 09 Май 2026 17:25
IMG_0656.png
copyright icon Кабар Жээнбек Сагынбаев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууну жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү өзгөртүүлөр бекитилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, кабыл алынган чаралар программанын ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Негизги өзгөртүүлөр жана жаңылыктар

Инфраструктураны сапаттуу тейлөө: МИК тарабынан курулган инженердик инфраструктура объекттери эми мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин балансына өткөрүлөт. Бул алардын өз убагында жана сапаттуу тейленишин камсыз кылат.

Курулуштун ыкчамдыгы: Турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү үчүн жеке өнөктөштөр менен конкурстук жол-жоболорсуз эле МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен түз келишим түзүү механизми киргизилди. Бул кошумча инвестиция тартууга жана долбоорлорду тез ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Кошумча каржылоо булагы: МИКтин карамагындагы турак эмес жайларды түз сатуу мүмкүнчүлүгү каралды. Түшкөн каражаттар турак жай фондун кеңейтүүгө жана курулуштарды каржылоого жумшалат. Сатуулар тууралуу маалыматтар ачык түрдө расмий сайтта жарыяланып турат.

Жетим балдарды колдоо: Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү — томолой жетимдер (жашы жеткен учурдан тартып) «Социалдык ипотека» багыты боюнча программага катышуу укугуна ээ болушту.

Кызматтык турак жай фонду: Мамлекеттик органдарга кызматтык турак жай фондун түзүү максатында программанын алкагында даяр үйлөрдү сатып алууга уруксат берилди.

Толук санариптештирүү: Өтүнмөлөрдү кабыл алуу толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү. Жарандар МИКтин расмий сайты жана "Түндүк" тиркемеси аркылуу гана кайрыла алышат.

"Топтомо ипотека" үчүн жеңилдик: Эгерде катышуучу турак жайдын наркынын 30 пайызын дароо төлөсө, топтоо мөөнөтү 3 айга чейин кыскартылат. Бул баштапкы төлөмү бар жарандардын үй алуу процессин тездетет.

Квота механизми: Программага катышкан министрликтер жана ведомстволор үчүн турак жай фондунан атайын квоталар сакталат: Бишкек шаарында — 10% чейин, ал эми аймактарда — 20% чейин.

Аянтка болгон чектөөлөрдүн алынышы: Өнөктөш банктар аркылуу берилген ипотекалык кредиттердеги аянтка болгон чектөөлөр кайра каралды. Эми катышуучулар үй-бүлөсүнүн муктаждыгына жараша өз каражаттарынын эсебинен турак жай аянтын кеңейтип же күрөө предметин алмаштыра алышат (мында МИК тарабынан кошумча каржылоо берилбейт).

Бул өзгөртүүлөр өлкөдөгү ипотекалык кредиттөөнүн натыйжалуулугун арттырып, миңдеген үй-бүлөлөрдүн турак жайлуу болушуна шарт түзөт.