Мамлекеттик тил саясатындагы жаңы кадам: "Кыргызтестте" эл аралык тест пункту ачылды

Коом 932 30 Январь 2026 15:05
623698080_1213593014285838_3195917255265756284_n.jpg
625246156_1213592940952512_2695916981782929863_n.jpg
624546431_1213593364285803_8237186744996715286_n.jpg
624411373_1213593040952502_3579875220815815120_n.jpg
624349885_1213593164285823_7529669891156769132_n.jpg
Алдыга
Артка
623698080_1213593014285838_3195917255265756284_n.jpg
625246156_1213592940952512_2695916981782929863_n.jpg
624546431_1213593364285803_8237186744996715286_n.jpg
624411373_1213593040952502_3579875220815815120_n.jpg
624349885_1213593164285823_7529669891156769132_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 30-январда президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун салтанаттуу ачылышына катышты.

Ачылыш аземине ошондой эле президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, National Educational Network (NEN) эл аралык компаниясынын, Улуттук илимдер академиясынын, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Мамлекеттик катчы иш-чаранын жүрүшүндө "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында эл аралык компьютердик тест пунктунун ишмердүүлүгү, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык кызматташтыктын алкагындагы негизги багыттары жөнүндө презентация көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле тесттен өтүү процесси менен таанышты.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында ачылган эл аралык компьютердик тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.