Мамлекеттик сыйлыктардын санын 46дан 20га чейин кыскартуу сунушталууда

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 15:24
1234054.d405e97edb5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министри Аяз Баетов документтин негизги максаты мамлекеттик сыйлыктар системасын иретке келтирүү, укуктук ченемдерди өркүндөтүү жана сыйлыктардын кадыр-баркын жогорулатуу экенин билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын санын 46дан 20га чейин кыскартуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунда айрым сыйлыктарды жана наамдарды, анын ичинде «Данакер», 3-даражадагы «Эрдик» ордендерин, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамын алып салуу каралган. Ошондой эле Ардак грамотаны жана экинчи категориядагы «Эмгек сиңирген» наамдарын ыйгаруу укугун министрлер кабинетине өткөрүп берүү сунушталууда.

Талкуу учурунда депутаттар «Эмгек сиңирген» наамынын статусун өзгөртүү айрым тармактардагы кызматкерлердин мотивациясына терс таасир этерин белгилешти. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери үчүн өзүнчө сыйлык киргизүү жана мурда жоюлган «Эл мугалими» ардак наамын калыбына келтирүү сунуштары айтылды.

Министрдин айтымында, мурда мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери толук сакталат.