Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Социалдык тармактарда “Каржы рынокторун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын” атынан мамлекеттик символика жана кызмат адамдарынын сүрөттөрү колдонулган жалган маалыматтар таралууда.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, ал жарнамалык билдирүүлөрдө брокерлерди текшерүү жана алдамчылардан акчаларды кайтарып берүү кызматы сунушталат.
Министрлик аталган маалымат жалган жана чындыкка дал келбесин расмий түрдө маалымдоо менен кономика жана коммерция министрлиги, Финансылык көзөмөл кызматы жана бул органдардын кызматкерлери аталган ишмердүүлүккө тиешеси жок жана мындай кызмат көрсөтпөсүн эскертет.
Жарандарга эскерүү:
- Ишенимсиз булактардан алынган маалыматка ишенбеңиздер.
- Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер жана жеке маалыматыңызды белгисиз адамдарга бербеңиздер.
- Шек жаралган учурда расмий мамлекеттик органдарга кайрылыңыздар.
"Так маалымат алуу үчүн Экономика министрлигинин жана Финансылык көзөмөл кызматынын расмий ресурстарын гана колдонууну сунуштайбыз",-деп айтылат маалыматта.