Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Интернеттеги алдамчылардан сактануу үчүн жарандар паспорттогу маалыматтарын, сыр сөздөрүн жана башка жеке маалыматтарын бейтааныш адамдарга бербеши керек. Ошондой эле социалдык тармактарга жеке маалыматтарын ашыкча жарыялоодон алыс болгону оң. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, алдамчылар социалдык тармактардагы ачык маалыматтарды чогултуп, жарандар тууралуу маалыматка ээ болушат. Аларды кийин алдоо же башка адамдардын атынан аракеттерди жасоо үчүн колдонушу мүмкүн.
“Жеке маалыматтарды мүмкүн болушунча аз жарыялоо керек. Аккаунттарды коргоо үчүн эки баскычтуу текшерүүнү колдонуп, ишенимдүү сыр сөздөрдү коюу зарыл”, — деди ал.
Мындан тышкары, WhatsApp же электрондук почта аркылуу келген шектүү билдирүүлөргө этият мамиле кылуу керек. Белгисиз адамдар жөнөткөн шилтемелерге кирүү же алар аркылуу жеке маалыматтарды киргизүү кооптуу. Мындай жол менен алдамчылар аккаунттарга кирүү мүмкүнчүлүгүн алышы мүмкүн.
Кылымбек Мадалбеков белгилегендей, мамлекет жеке маалыматтарды коргоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканы менен, жарандардын өздөрүнүн сактыгы да чоң мааниге ээ. Ошондуктан интернетте жеке маалыматтарды бөлүшүүдө этият болуп, шектүү билдирүүлөргө ишенбөө зарыл.
Белгилей кетсек, учурда аталган агенттиктин беш жылдыгына арналган эл аралык форум өтүп жатат. Ага жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана расмий делегациялары, IT тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.