Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сынактарга катышуу үчүн документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, эми сынактарга катышуу үчүн керектүү документтерди кагаз түрүндө тапшыруунун кереги жок. Бардык документтерди "Колдонуучунун жеке кабинети" аркылуу онлайн режиминде жөнөтүүгө болот.
Бул үчүн жарандар:
- порталга катталып, өзүнүн жеке кабинетине кирет;
- конкурс үчүн талап кылынган документтерди электрондук форматта жүктөйт;
- документтерди жөнөткөндөн кийин алардын абалын жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөй алат.
Жаңы тартип жарандар үчүн убакытты үнөмдөп, кошумча чыгымдарды азайтат жана документтерди тапшыруу процессин оңой, тез жана ыңгайлуу кылат. Документтерди үйдөн чыкпай эле интернет аркылуу тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.