Мамлекеттик кызмат агенттиги кан тапшыруу өнөктүгүнө катышууда

Коом Загрузка... 05 Август 2025 10:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кан тапшыруу өнөктүгүнө катышууда. Бул туралуу ведомстводон маалымдашты.

Бүгүн агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баштаган 30дан ашык кызматкерлер Улуттук кан борборунда кан тапшырууга келишти.

Бул иш-аракет социалдык жоопкерчилик жана адам өмүрүн сактап калуудагы жарандык парз катары бааланды. Кан тапшыргандан кийин Кудайберген Базарбаев бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди бул саамалыкка кошулууга чакырып, ар бир тамчы кан — жашоого болгон белек экенин баса белгиледи.

"Мамлекеттик кызматтагы адам — элге жакын, коомго үлгү болушу керек. Кан тапшыруу — бул жөн гана жардам эмес, бул адам өмүрүн сактоого кошкон түз салым", — деди ал.

Иш-чаранын максаты — коомдо ыктыярдуу донорлукту жайылтуу жана мамлекеттик кызматкерлердин социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.

Анын айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш. "Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек", – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.