Мамлекеттик, коомдук ишмер, окумуштуу Өмүрзак Мамаюсупов дүйнө салды

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 13:15
WhatsApp Image 2026-06-09 at 13.14.49.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын илим, билим берүү жана мамлекеттик саясий башкаруу системасы оор жана орду толгус жоготууга учурады.

Өмүрүнүн 73-жылында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, окумуштуу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы төрагасы Мамаюсупов Өмүрзак Шеранович дүйнөдөн кайтты.

Өмүрзак Мамаюсупов 1953-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. Ал өмүрүн илимге, билим берүүгө жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган. 1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1984-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин аспирантурасын, ал эми 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин магистратурасын ийгиликтүү бүтүргөн.

Физика-математика илимдеринин кандидаты жана юриспруденция магистри катары ал ата-мекендик илимдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Эмгек жолун мектеп мугалими болуп баштап, кийин Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. Ал 40тан ашык илимий эмгектин автору.

Өмүрзак Мамаюсупов негиздеп, илимий-методикалык жактан жетектеген "Ноокат билимканасы" жатак-лицейи миңдеген айылдык жаштар үчүн билимдин жана тарбиянын чыныгы мектебине айланып, өлкөбүздүн алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири катары таанылды.

Ал мамлекеттик кызматта да өзүнүн жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана принциптүүлүгү менен айырмаланган. 1995–2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты катары тармактык комитеттин төрагасы болуп иштеген. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган. 2000–2001-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Анын өмүр баянында 2001–2006-жылдар өзгөчө орунду ээлейт, бул мезгилде ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жетектеген. Аталган жылдары ал өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын калыптанышына жана өнүгүшүнө, конфессиялар аралык ынтымактын чыңдалышына, диний туруктуулуктун камсыздалышына жана коомдук биримдиктин сакталышына зор салым кошкон.

Мамлекет алдындагы көп жылдык үзүрлүү иши жана сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, Даңк медалы менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими ардак наамына татыктуу болгон.

Өмүрзак Мамаюсуповдун жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарының, досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны урматтап-сыйлаган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын орду толгус оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Д. Амангелдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, М.К. Алиев, Б.А. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, К.Т. Туманбаев, Д.Ш. Кендирбаева, Г.Т. Исаматова, Т.Н. Ташибеков, Б.М. Женбаев, Б.И. Бөрүбашов, С. Рустамбек уулу, У.К. Жаанбаев, Н.Я. Алимжанова, Б.Р. Зулпиев, С.С. Касмамбетов, М.М. Иманкулов, А.Б. Кенжебаев, Д.Т. Шейшеканов, А.Н. Закиров, З.Ш. Ракиев, Н.О. Орунтаев, Т.С. Саякбаева, Ж.Б. Жанузаков, С.Б. Абдрахманова, Б.С. Исаков, Т.И. Першина, А.Н. Зырянова, К.А. Чекиров жана башкалар.