Мамлекеттик катчы: Кыргыз-кытай достугунун 3 миң жылдык тарыхы бар

Аймак Загрузка... 29 Май 2026 10:05

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштар акыркы жылдары өтө жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытайдан ат арытып келген кыргыз кыздарын тосуп алуу салтанатында айтты.

Анын айтымында, эки элдин коңшулук мамилеси кылымдарды карыткан терең тарыхка ээ жана бул тажрыйба бүгүнкү күндөгү ийгиликтүү кызматташтыктын бекем пайдубалы болуп саналат.

"Албетте, кыргыз эли кытай эли менен коңшулаш болуп жашаган 3 миң жылдык тажрыйбага ээ. Ошол 3 миң жылдык тажрыйбанын натыйжасында биз ушундай жакшы, коңшулаш алакада жашап жатабыз", - деди Койчиев.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө эки тараптуу мамилелерди туруктуу өнүктүрүүдө жаш муундун ролу өзгөчө экенин баса белгиледи. Анын пикиринде, тарыхый тажрыйбаны сактап калуу гана жетишсиз, аны заман талабына ылайык жаңы баскычка көтөрүү зарыл.