Бишкекте Кытайдан атчан келген кыргыз кыздарын тосуп алышты

Коом 28 Май 2026 17:20
710755148_1468088472033669_5898208146103262675_n (1).jpg
710079276_1468088762033640_7573351507527606773_n.jpg
710755151_1468088722033644_8988630808551904316_n.jpg
710827370_1468088682033648_1492672275722144663_n.jpg
710745776_1468088642033652_3478175103578493701_n.jpg
710746320_1468088612033655_2953232073973954775_n.jpg
710573488_1468088582033658_4321869523810041486_n.jpg
710391564_1468088552033661_2990007946540621009_n.jpg
710669637_1468088475367002_7975228207194959212_n.jpg
710079023_1468088462033670_5752353581823620922_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарына Кытайдан атчан саякат жасап келе жаткан этникалык кыргыз кыздары Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы келишти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, конокторду "Супара" этно-комплексинде Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов салтанаттуу тосуп алышты.

Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы сапарын Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан атчан башташкан. Алар Кыргызстанга "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирип, андан соң Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Бишкек шаарына келишти.

Бул саякат кыргыз элинин улуттук тамырын, тарыхый байланыштарын жана маданий биримдигин чыңдоого багытталган символикалык демилге катары каралат.