Мамлекет биринчи жолу 38 туристти 3,8 млн сомго камсыздандырды

Коом 652 16 Февраль 2026 13:03
636812076_935011229035314_3587445113846164844_n.jpg
637161435_935012079035229_8463651832280443468_n.jpg
634170605_935011285701975_5504757949461857446_n.jpg
634331317_935011349035302_713631355714052250_n.jpg
634370341_935012172368553_772822817062156900_n.jpg
634434648_935012272368543_3592598816826861683_n.jpg
634733576_935012049035232_4486543396066125905_n.jpg
634964963_935012232368547_3290967317942073103_n.jpg
635102165_935012132368557_4949536460157273440_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик деңгээлде туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында ири суммадагы камсыздандыруу ишке ашырылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалым болгондой, «Нарын – Кыш керемети» пресс-турунун алкагында чет өлкөдөн жана өлкө ичинен келген 38 катышуучу үч күндүк мөөнөткө жалпысынан 3 млн 800 миң сомго камсыздандырылды. Тактап айтканда, 38 туристке ар бирине 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу полистери тапшырылган.

Бул демилге Нарын облусунун кооз жаратылышын, бай тарыхый-маданий мурастарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытуу максатында уюштурулган. Иш-чарага Кытай, Өзбекстан, Казакстандан келген журналисттер, блогерлер жана туризм тармагынын эксперттери катышууда.

"Нарын – Кыш керемети" пресс-турунун негизги өнөктөштөрүнүн бири Мамлекеттик камсыздандыруу уюму болду. Иш-чарага уюмдун төрагасы Элдияр Калдарбеков катышып, чет өлкөдөн келген туристтер жана журналисттер менен жолугушуп, Нарын облусунун туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.