Мамкатчы: Бексултан Жакиев – кыргыздардын пассионардык рухунун алып жүрүүчүсү

Коом 16 январь 2026 23:17
616175520_1448426620625301_3206346893747374824_n (1).jpg
615854909_1448426560625307_2591164577361930572_n (1).jpg
617025268_1448426563958640_4085959056716381539_n (1).jpg
Алдыга
Артка
616175520_1448426620625301_3206346893747374824_n (1).jpg
615854909_1448426560625307_2591164577361930572_n (1).jpg
617025268_1448426563958640_4085959056716381539_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 16-январда көрүнүктүү жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты.

Иш-чара Ала-Арча көрүстөнүндөгү маркумдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен башталып, андан соң Кыргыз улуттук "Манас" театрында уланды.

Эскерүү кечесине коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, жазуучунун калемдештери жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы салтанаттуу жыйында Бексултан Жакиев кыргыз элинин пассионардык рухунун алып жүрүүчүсү болгон жана анын чыгармалары эркиндикти, намысты, улуттун руханий күчүн даана чагылдырарын баса белгиледи.

Анын драматургиясы кыргыз адабиятынын алтын фондуна айланганы, азыркы жана келечек муундар үчүн баа жеткис руханий мурас болуп түбөлүккө калары айтылды.