Мамбетов: ӨКМ кырсыктардан келип чыккан материалдык чыгымдарды 40%га кыскартты

Коом Загрузка... 08 Октябрь 2025 17:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 8.10.25 /Кабар/. ӨКМ кырсыктардан келип чыгуучу материалдык чыгымдарды 40%га кыскартууга жетишти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов “Кабар” агенттигине министрликте жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берип жатып билдирди.

Ошондой эле ал министрликте 5 жыл ичинде жасалган иштерге мындайча токтолду:

“Бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалдар министрлиги президент Садыр Жапаровдун тапшырмаларынын негизинде тармактын потенциалын жогорулатуу багытындагы иштерди жасап келе жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2022-2025 жылдар арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалы жогорулады. Бул аракеттер бүгүнкү күндө жемишин бере баштады. Ошондой эле биз ар кандай кырсыктардан келип чыгуучу материалдык чыгымдарды 40%га кыскартканга жетиштик. Анткени, ошол эле күчтөнгөн жаңы техникалар менен барып, мисалы, бир өрттү өчүргөнү материалдык чыгымдардын алдын алганга жетиштик",-деди Мамбетов.

Орун басар андан сырткары, эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашырылып жаткан иш-аракеттерди баса белгиледи.

"Быйылкы жылдагы пландар жөнүндө айта турган болсок, өлкөдөгү кооптуу деп саналган жерлердин баарына мониторинг жүргүзүп, алдын алуу иш аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Ошонун негизинде бул жылы биз миллиардга жакын каражатты кооптуу делген объектилерди бекемдөө иш-чараларына жумшадык. Андан сырткары, мисалы донорлук уюмдарды жана гранттарды тартуу менен дагы өзүбүздүн потенциалыбызды жогорулатуудан башка дагы, өлкөнүн аймагында жайгашкан 60 калдык сактоочу жайларында рекультивация иштерин жүргүзүүдөбүз.

Муну менен бирге эле министрлик дүйнөлүк эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын улантууда. Ал эми бул иштердин жыйынтыгы бүгүнкү өткөрүлүп жаткан кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытталган иш-чарада чыгарылып, баа берилүүдө. Буга чейин алдыңкы мамлекеттердин изилдөө институттарынан келген илимпоздор менен биздин кызматкерлер менен биргелешип ар тараптуу изилдөө иштери да жүргүзүп жатышкан. Муну менен бирге эле биз алардын тажрыйбасын да алып жатабыз. Ал эми бүгүнкү күнү кагаз бетине түшүрүлүп жаткан изилдөө иши эртең долбоорго айланып, акыры чоң бир ишке айланып, жыйынтыгын берүүдө",-деди ал.