Мамаева: Соңку жылдары социалдык кызматкерлерге мамлекеттик колдоо жакшырды

Коом Загрузка... 16 Октябрь 2025 11:48
WhatsApp Image 2025-10-16 at 11.40.08.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Соңку жылдары социалдык кызматкерлерге мамлекет тарабынан олуттуу колдоолор көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Гүлүмкан Мамаева социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары социалдык тармакка карата жакшы көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан бир топ шарттар түзүлдү.

“Мисалы, мурда унаабыз жок болчу. Президенттин колдоосу менен быйыл унаа берилди. Бул унаалардын жардамы менен ишибиз кыйла мобилдүү болуп калды. Ошондой эле буга чейин кадр жетишсиздиги чоң көйгөй болчу. Азыр бул маселе да чечилип, ар бир айыл өкмөтүнө жетиштүү социалдык кызматкерлер бөлүнүп берилүүдө. Бул колдоолор биздин жумушубузду жеңилдетип, элге жардам көрсөтүүнү натыйжалуураак кылууда. Биздин ишибиз өтө жооптуу жана сооптуу. Анткени коомдун аярлуу катмары менен түз иштешебиз. Алар сүйүнсө сүйүнөбүз, кайгырса кайгырабыз. Социалдык кызматкерлер күнү-түнү, кандай гана кыйынчылык болбосун, элдин жыргалчылыгы үчүн иш алып барышат,” - деди Мамаева.