Мал уурдоого каршы күрөш: Бишкектеги эт базарлар текшерилди

Коом 307 16 Март 2026 16:45
649553840_122206453988341273_267708701063649759_n.jpg
650793680_122206454282341273_16637525365675366_n.jpg
651701623_122206454114341273_6937190164915293590_n.jpg
654303222_122206454330341273_1202257901600683818_n.jpg
Алдыга
Артка
649553840_122206453988341273_267708701063649759_n.jpg
650793680_122206454282341273_16637525365675366_n.jpg
651701623_122206454114341273_6937190164915293590_n.jpg
654303222_122206454330341273_1202257901600683818_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын ири эт базарларында мал уурдоонун алдын алуу жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында масштабдуу рейд өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мартта саат 02:00дө ветеринардык инспекторлор ИИМ жана Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте мобилдик топторду түзүп, борбор калаадагы "Ош" базары, "Алтын така", "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларын текшерүүгө алышты.

Текшерүү учурунда этти тиешелүү документтери жок ташуу жана сатуу аракеттери ачыкталды. Алсак, "Алтын така" базарында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен алып келе жаткан 16 бодо малдын этинин экөөсүнүн документи жок болуп чыккан. Ошондой эле Sprinter унаасынан табылган 5 бодо малдын этинин биринин ветеринардык документинин мөөнөтү өтүп кеткен.

Ошондой эле 3 жылкыны эч кандай коштоочу кагаздары жок таштап кетүү фактысы катталган.

Ал эми "Ош" базарында документи жок жылкы этин сатуу аракетине өз убагында бөгөт коюлду.

Аныкталган бардык фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, топтолгон материалдар мындан аркы иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.