Мал чарбачылыгында санга эмес, сапатка өтүү керек – министр

Коом 09 Март 2026 17:10
photo_5292126640936785157_w.jpg
photo_5292126640936785159_w.jpg
photo_5292126640936785158_w.jpg
photo_5292126640936785156_w.jpg
photo_5292126640936785155_w.jpg
photo_5292126640936785154_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5292126640936785157_w.jpg
photo_5292126640936785159_w.jpg
photo_5292126640936785158_w.jpg
photo_5292126640936785156_w.jpg
photo_5292126640936785155_w.jpg
photo_5292126640936785154_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Сокулук районундагы мамлекеттик асыл тукум заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрге асыл тукум биолабораториясында ири мүйүздүү малдын генетикалык сапатын жакшыртуу, жасалма уруктандыруунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана аймактардагы техникалык уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздоо боюнча иштер туруктуу жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берилди.

"Биз санга эмес, сапатка өтүшүбүз керек. Ушундай жол менен гана генетикалык жактан таза асыл тукум малдын уруктарын ала алабыз. Бул бүгүнкү күндөгү негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондой эле климаттык шарттарга ылайыкташкан жана сыноодон өткөн ата мекендик жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл", — деп белгиледи министр.

Мындан тышкары, ишкананын жетекчисине объектти толук реконструкциялоо боюнча сметалык долбоорду даярдоо тапшырылды.