Майыптыгы бар балдардын ата-энелери акысыз юридикалык кеңеш ала алат

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 18:18
1073095886_0_552_2048_1704_1920x0_80_0_0_00c323715a2f4488f66f9ac48964df94.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Майыптыгы бар балдардын ата-энелери акысыз юридикалык кызматтан пайдалана алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.

"Юридикалык жардам кызматына калктын аялуу катмарына кирген майыптыгы бар жарандар көп кайрылууда. Биз өз кезегинде аларга натыйжалуу кеңеш берүү жана шарттарды түзүп берүү аракеттерин көрүп келебиз. Аларга азыр биздин мекемеге келүүнүн зарылдыгы жок. Үйүндө отуруп аралыктан кайрыла алышат жана ошондой эле биздин адистер үйлөрүнө барып кызмат көрсөтүп келишет.

Андан сырткары, быйыл биздин кызматтан пайдалана ала турган жарандардын тизмесин дагы да толукталды. Алардын катарына майыптыгы бар балдардын ата-энелери киргизилди. Эми алар дагы бизге кайрылып кеңеш, юридикалык жардамдарды ала алышат”,-деди ал.