Майыптыгы бар адамдарды мамлекеттик кызматка кабыл алуунун жаңы тартиби

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдар жалаң гана социалдык жардам алуучулар болбостон, алар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө. Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, майыптыгы бар жарандарды кадрлар резервине сынактан тышкаркы тартипте киргизүү каралууда. Квалификациялык талаптарды, ошондой эле квота нормаларын сактоо менен бош кызмат орундарына дайындоонун механизми белгиленет. Бул өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин майыптыгы бар жарандар үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылары тууралуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери “Кабар” агенттигине түшүндүрмө беришти.

Жаңы механизм кантип иштейт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда алардын агенттиги резервдеги майыптыгы бар жарандарды тандоо тартибин иштеп чыгууда. Анда тандоо критерийлери так белгиленип, талапкерлердин ден соолугунун абалына жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө жараша кайсы кызмат орундарга талапкер боло алары аныкталат. Анын айтымында, бул документ Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте иштелип чыгат.

Үсөналиева белгилегендей, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, бирок механизмди практикалык жактан ишке ашыруу тандоо тартиби бекитилгенден кийин башталат.

Ал ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо буга чейин эле каралганын эске салды.

Муну менен катар, жумушка орноштурууда адамдын эмгекке жарамдуулугу боюнча сунуштар жана конкреттүү кызматтык милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгү сөзсүз эске алынышы керек.

“Мамлекеттик органдарда ден соолугунун абалы кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол болбогон майыптыгы бар адамдар буга чейин эле иштеп келишет”, — деди ал.

Үсөналиева кошумчалагандай, учурда республика боюнча мамлекеттик кызматта 200дөн ашуун майыптыгы бар жаран эмгектенет. Анын айтымында, жаңы мыйзам мамлекеттик кызматта иштеген майыптыгы бар адамдардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Жаңы мыйзам эмне үчүн маанилүү

Өз кезегинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева “Кабар” агенттигине билдиргендей, бул норманын кабыл алынышы майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тең укуктуу жетүүсүн камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Анын айтымында, мыйзам квалификациялык талаптарга жооп берген учурда кадрлар резервине сынактан тышкары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап, ишке орношууга кошумча кепилдиктерди түзөт. Бул КР Конституциясына жана БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясына шайкеш келет.

Анын айтымында, мыйзам квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда кадрлар резервине конкурстан тышкары киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу менен ишке орношуунун кошумча кепилдиктерин түзөт, бул КР Конституциясына жана БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык келет.

“Ошол эле учурда мыйзамдын натыйжалуулугу анын практикалык ишке ашырылышына — процедуралардын ачык-айкындуулугуна, дискриминацияга жол бербөөгө жана жеткиликтүү эмгек шарттарын түзүүгө көз каранды болот. Акыйкатчы институту жаңы нормаларды колдонууда майыптыгы бар адамдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзөт”, — деп белгиледи ал.

Жаманбаева кошумчалагандай, мындай өзгөртүүлөр Акыйкатчы институтунун майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана камсыз кылуу боюнча иш тажрыйбасын эске алууда өтө зарыл. Анын айтымында, жүргүзүлгөн мониторингдерде майыптыгы бар адамдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана алардын эмгек ишмердүүлүгүнө, мамлекеттик кызматка келүүсү боюнча көйгөйлөр аныкталууда. Тактап айтканда, анын маалыматы боюнча мониторингдин жыйынтыгы мамлекеттик органдар тарабынан майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу боюнча мыйзамда каралган 4 пайыз квотасы толук көлөмдө камсыздалбай жатканын көрсөтүүдө.

“Ушуга байланыштуу жаңы норма көрсөтүлгөн квотаны ишке ашырууга кошумча укуктук шарттарды түзүп, майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик кызматка жетүүсүн кеңейтүүгө жана алардын эмгекке болгон укугун тең мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде камсыз кылууга өбөлгө түзөт”, — деди ал.

Майыптыгы бар адамдардын бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматка келүүсүндөгү тоскоолдуктар тууралуу суроого жооп берип жатып, укук коргоочу негизги тоскоолдуктар катары мамлекеттик органдардын инфраструктурасынын жетишсиздигин жана толук кандуу инклюзивдүү чөйрөнүн жоктугун белгиледи.

Анын айтымында, бул иш бөлмөлөрүнүн, санитардык-гигиеналык шарттардын, анын ичинде адаптацияланган дааратканалардын, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн жумушчу шаймандардын жана технологиялардын болушуна тиешелүү. Атап айтканда, көрүүсү начар адамдар үчүн Брайль ариби, аудио материалдар жана башка жеткиликтүү маалымат форматтары сыяктуу каражаттар зарыл. Мындан тышкары, жумуш ордун ырааттуу ыңгайлаштыруу жана эмгек шарттарын майыптыгы бар кызматкерлердин жеке муктаждыктарына ылайыкташтыруу жетишсиз бойдон калууда. Анын белгилешинче, бул факторлордун жыйындысында майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик кызматка бирдей жетүү укугун ишке ашырууда практикалык тоскоолдуктарды жаратат.

Демек, мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик кызматка келүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн маанилүү укуктук негизди түзөт. Бул — кадрлар резервине сынактан тышкары тартипте киргизүү аркылуу ишке ашат. Бул жөн гана кезектеги жеңилдик эмес, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга болгон мамилени өзгөртүүгө багытталган системалуу кадам болуп саналат.

Мурда майыптыгы бар адамдар мамлекеттик органдарда иштей алышчу, бирок механизм мынчалык түз жана жеткиликтүү болгон эмес. Эми жаңы тартип кирип, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жеңилдетет.

Натыйжада мамлекет мурда системадан тышкары калып келген квалификациялуу кадрларга жетүү мүмкүнчүлүгүн алат, ал эми майыптыгы бар адамдар социалдык жардам алуучу гана болбостон, мамлекеттик түзүмдөрдө карьера куруу үчүн реалдуу шартка ээ болушат.