Майыптарды колдоо. "Биз биргебиз!" бир айлыгы башталды

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2025 10:15
WhatsApp Image 2025-11-17 at 10.04.56.jpeg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда 15-ноябрдан 15-декабрга чейин "Биз биргебиз!" аттуу бир айлык өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, майыптуулугу бар адамдарды колдоого багытталган боорукердик айлыгы 3-декабрдагы Майыптуулугу бар адамдардын эл аралык күнүнө арналат.

Бир айлык майыптуулугу бар жарандардын укуктарын коргоо, алардын өлкө турмушуна толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү жана инклюзивдүү демилгелерди өнүктүрүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдарды колдоо жана боорукердик чараларын жүргүзүүдө ар бир жаран үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иштерди күчөтүшү зарыл.

Бул айлык – жөн гана иш-чаралар топтому эмес, ар бир адам өзүн керектүү жана корголгон сезген инклюзивдүү коомду түзүүгө багытталган маанилүү кадам.

Эмгек министрлиги бардык мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдү, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды бир айлыктагы иш-чараларга активдүү катышууга, өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга көңүл бурууга жана колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырат.

Маалымат үчүн: Майыптуулугу бар адамдардын эл аралык күнү БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1992-жылы бекитилген. Анын негизги максаты –майыптыгы бар адамдардын укуктарын коомдук жашоонун бардык тармактарында илгерилетүү жана алардын күнүмдүк жашоодо туш болгон көйгөйлөрү тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.