Майрам күндөрү Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 11:00
czon.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Алдыдагы майрам күндөрү Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борборлор 1-майдан 10-майга чейин майрам жана эс алуу кундөрүн кошкондо саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Мындай чечим калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.

"Жарандардан белгиленген иш тартибин эске алып, мүмкүнчүлүккө жараша онлайн кызматтарды пайдаланууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

6