Майда Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда

Маданият 13 февраль 2026 16:28
Майда Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Май айында Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” өткөн Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Ал белгилегендей, маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын тереңдетүүгө кошумча түрткү берет.

Мындан тышкары, минкаб төрагасы тажик тарапты Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде келүүгө чакырды.