Май майрамдары: Бейтапкана жана ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турат

Коом Загрузка... 28 Апрель 2026 11:05
e8fb488a-823f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. 1-майдан 10-майга чейин бейтапкана жана ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрү саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат. Жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат.

Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүлөт, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл дары-дармек, медициналык буюм, кан компоненти жана алардын запастарынын жетиштүүлүгү камсыз кылынат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда 1-майдан 10-майга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөт уюштурулат, процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.

Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле өлкөнүн облустарындагы Тез медициналык жардам кызматы дем алышсыз, күнү-түнү иштейт.

Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, ошондой эле майрам жана эс алуу күндөрүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү камсыз кылынат.