Май айынын аягында Бишкек шаары көз жоосун алган жашыл дүйнөгө айланат. Айлана-чөйрө назик гүлдөрдүн жытына толуп, ар бир көчө, ар бир аллея түркүн-түстүү килем төшөлгөндөй кулпурат.
Бул күндөрү борборубуз жөн гана шаар эмес, жомоктогудай көрүнүшкө оронот. Ал эми жайдын алгачкы жылуу илеби сыдырым жел менен кошо ар бир көчөнү аралап, жаңы үмүттөрдүн демин тартуулап турат.
"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү Бишкектин ушундай кооз көз ирмемдерин сүрөткө түшүргөн.