Маданият министрлиги менен ЮНИСЕФ жаштарды колдоо планына кол койду

Коом 525 02 Март 2026 17:17
646137044_18006331703851989_918209595726378403_n.jpg
645774546_18006331733851989_2079107819457092763_n.jpg
645818997_18006331751851989_2063882727943741762_n (1).jpg
645818997_18006331751851989_2063882727943741762_n.jpg
645909320_18006331742851989_2288018235225096085_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Джунг Тапа менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар 2026-2027-жылдарга өспүрүмдөрдү жана жаштарды колдоо боюнча биргелешкен иш планга кол коюшту.

Документ улуттук артыкчылыктарга жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык, жаштарды колдоонун туруктуу тутумун түзүүгө жана ыктыярчылык (волонтердук) ишти өнүктүрүүгө багытталган.

Иш планды ишке ашыруунун алкагында санариптик инструменттерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Атап айтканда, U-Report платформасын кайра жандандыруу, volunteer.kg сайтын модернизациялоо, ыктыярчылар үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу жана санариптик платформаларды мамлекеттик жаштар саясатына системалуу түрдө киргизүү каралган.