БУУда Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы ийгиликтери айтылды

Коом 18 декабрь 2025 12:10
600397228_1162029076088847_265973989361202954_n.jpg
598255852_1162029039422184_1981648257733108754_n.jpg
Алдыга
Артка
600397228_1162029076088847_265973989361202954_n.jpg
598255852_1162029039422184_1981648257733108754_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. 16-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Маалыматтык коом маселелери боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин (WSIS) жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Анда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баяндама жасады. Иш-чарага Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева да катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр өз сөзүндө Кыргызстандын санариптик трансформациядагы тажрыйбасына токтолуп, санариптештирүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуунун негизги куралы экенин белгиледи.

Баяндамада төмөнкү темалар камтылды:

  • Өлкөдө алгачкылардан болуп Санарип кодекс кабыл алынып, жасалма интеллектти коопсуз жана этикалык колдонуу үчүн нормативдик база калыптандырылууда.
  • Өлкө аймагынын дээрлик бардыгы 3G жана 4G байланыш түйүндөрү менен камтылды. «Digital CASA» долбоору ийгиликтүү ишке ашууда.
  • Миллиарддаган электрондук транзакцияларды иштеткен «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.

Жыйынтыгында кыргыз тарап эл аралык диалогго активдүү катышууга жана инклюзивдүү санариптик келечекти биргелешип курууга даяр экенин ырастады.