Маданият мекемелерине 117 жаңы унаа тапшырылды – сүрөт

Коом Загрузка... 17 Март 2026 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу маданият мекемелерине 117 кызматтык унаа тапшырылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана маданият өкүлдөрү катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, маданият инфраструктурасын жаңылоо, чыгармачыл жамааттарды колдоо жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"Маданият тармагын каржылоонун көлөмү жыл сайын туруктуу өсүүдө. Эгерде тармактын бюджети 2021-жылы 2 млрд 800 млн сомду түзсө, 2025-жылга карата бул көрсөткүч 6,9 млрд сомго чейин көбөйдү. Башкача айтканда, акыркы беш жылда маданият тармагын каржылоо дээрлик 2,5 эсеге өстү. Бул мамлекет тарабынан маданиятка болгон колдоонун күчөгөнүнүн так көрсөткүчү. 2025-жылы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттардын алкагында бир катар маанилүү жабдуулар жана техникалар сатылып алынды. Инфраструктураны жаңылоо максатында жыл сайын каражат бөлүнүп, өлкө боюнча маданият мекемелери курулуп жана жаңыланып жатат", – деди ал.

Белгиленгендей, 117 унааны сатып алууга 176,9 млн сом бөлүнгөн.