Маданият мекемелери унаа менен дээрлик 100 пайыз камсыз болду – министр

Коом Загрузка... 17 Март 2026 16:04
1.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Жаңы унаалар өлкө боюнча райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнө, облустук китепканаларга, музейлерге жана театрларга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

"Бүгүн республика боюнча 100дөн ашык маданият мекемеси өздүк транспортко ээ болду. Муну менен биз ведомстволук уюмдарыбызды унаалар менен дээрлик 100 пайызга камсыз кылып жатабыз", – деп баса белгиледи министр.

Министр берилген унаалардын бардыгы ата мекендик "Тулпар Моторс" ишканасынан чыгарылгандыгына өзгөчө көңүл бурду.

Мирбек Мамбеталиев автопаркты жаңылоо – бул масштабдуу мамлекеттик программанын бир бөлүгү экенин эске салды. Өткөн жылы министрликтин муктаждыктары үчүн автобустар сатылып алынган. Автоунаалардан тышкары, музыкалык аспаптарды да пландуу түрдө жаңылоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле театр имараттарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жигердүү улантылып жатат.

"Мамлекет биздин тармакка чоң көңүл буруп жатат, мунун аркасында өлкөдө маданият жигердүү өнүгүүсүн улантууда", – деп жыйынтыктады ведомство башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Маданият министрлигине караштуу мекемелерге 117 кызматтык унааны тапшыруу аземи өттү.