Маданий мурастарды даңазалаган “Кызыл гвоздика” фестивалы жыйынтыкталды

Коом 6 май 2026 16:23
IMG_2836.png
IMG_2837.png
IMG_2838.png
IMG_2839.png
IMG_2842.png
IMG_2841.png
IMG_2840.png
IMG_2843.png
Алдыга
Артка
IMG_2836.png
IMG_2837.png
IMG_2838.png
IMG_2839.png
IMG_2842.png
IMG_2841.png
IMG_2840.png
IMG_2843.png
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.05.26 /Кабар/. Бүгүн, 2026-жылдын 6-майында, Бишкек шаарында көркөм чыгармачылыктын ”Кызыл гвоздика — муундардын эс тутуму“ аттуу XXV ачык шаардык фестиваль-конкурсунун гала-концерти өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешова катышты. Ал куттуктоо сөзүн сүйлөп, фестивалдын маданий мурастарды сактоодогу жана муундардын сабактуулугун камсыз кылуудагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Салтанаттуу бөлүктүн алкагында сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп, катышуучуларга дипломдор жана грамоталар тапшырылды.

Иш-чара мыкты чыгармачыл жамааттардын катышуусундагы жаркыраган гала-концерт менен жыйынтыкталды.