Үлүш ээлеринин нааразычылыгы. Орунтаев "Дөөлөт курулуштун" объектилерин текшерет

Коом 16 декабрь 2025 17:21
1.jpg
600268193_1368060108126368_3143566602394784755_n.jpg
600278354_1368060008126378_4307685709181185811_n.jpg
600286793_1368060011459711_2953980032015154183_n.jpg
600301664_1368060144793031_7211575981900515930_n.jpg
600302932_1368060248126354_5245337270014123430_n.jpg
600412092_1368060181459694_570078897041665101_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Бүгүн курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын жетекчиси жана компанияга нааразычылык билдирип жаткан үлүш ээлери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министр "Кудайберген" жана "Шопоков" турак-жай комплекстери боюнча курулуш компаниясынын жетекчисине бир катар суроолор менен кайрылып, курулуш иштеринин жүрүшүн тактады.

Ошондой эле үлүш ээлеринин пикирлерин угуп, келерки жумада компаниянын макулдугу менен атайын комиссиянын катышуусунда бардык объектилерди жеке өзү текшерерин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлик тарабынан "Дөөлөт курулуш" компаниясына курулуш иштерин жандандыруу жана сапатты камсыз кылуу боюнча эскертүү берилген.