ТИМ башчысы Британияда: Инвестициялык долбоорлордон санкцияларга чейин талкууланды

Саясат Загрузка... 27 Февраль 2026 09:50
7_I2UUg5W.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 26-февралда Лондон шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын тышкы иштер министри Иветт Купер менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдө кыргыз-британ кызматташтыгынын келечеги, саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды тереңдетүү маселелери каралды. Тараптар кызматташууга даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле өкмөттүк жана парламенттик деңгээлдеги делегациялар менен туруктуу тажрыйба алмашууну улантуу макулдашылды.

Кулубаев кыргыз-британ кызматташтыгынын алкагындагы ийгиликтүү долбоорлорду атады. Алардын катарында: "Юнайтед Конкрит Канвас" заводунун курулушу, инвестициялык кредиттик линиялардын бөлүнүшү жана Лондондун капитал рынокторуна чыгуу аракеттери бар. Ошондой эле англис укугунун элементтерин киргизүү, минералдык ресурстар боюнча меморандум жана сезондук жумушчулар программасы натыйжалуу ишке ашып жатканы белгиленди.

ТИМ башчысы Улуу Британия киргизген бир тараптуу санкциялар соода-финансылык кызматташтыкка терс таасирин тийгизерин белгилеп, буга тынчсыздануусун билдирди. Ал кыргыз тарап ачык жана өз ара пайдалуу диалогго даяр экенин айтып, Лондонду маселени конструктивдүү чечүүгө чакырды.

Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн ар кандай эл аралык уюмдар жана аймактык бирикмелер алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.