Логистика жана транспорт: Кыргызстандын жеңил унаалары Кытайга кире алабы?

Коом 23 Апрель 2026 10:55
677026955_1273546144954129_5794078743045623697_n.jpg
677209561_1273547391620671_8672681325218444234_n.jpg
675441106_1273547358287341_356265940604290623_n.jpg
675806489_1273547394954004_6067123720380184127_n.jpg
676039800_1273547424954001_7375811179038532598_n.jpg
677843895_1273547428287334_4448444718716026318_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Кытайдын транспорт министринин орун басары Ли Ян жана автотранспорт делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда автотранспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Кытай, Россия жана Монголиянын ортосундагы Азия унаа жолдорунун тармагы боюнча эл аралык унаа ташуулары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Ошондой эле төмөнкү маселелер талкуунун өзөгү болду:

  • Кыргыз жүк ташуучуларына Кытайда габаритсиз жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды берүү;
  • Кыргызстандын жеңил унааларынын Кытай аймагына кирүүсү жана Кыргызстанда кытай таксилеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу;
  • Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан эл аралык унаа каттамдары жөнүндө макулдашууга ылайык, уруксат кагаздарынын бланктарын даярдоо.

Тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана эл аралык унаа ташууларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.