Өлкөнүн түштүгүнө жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбор ачуу сунушталды

Коом Загрузка... 18 Декабрь 2025 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Өлкөнүн түштүк аймагында жаратылышта жаракат алган жапайы жаныбарлар менен канаттууларды калыбына келтирип, кайра жашоо чөйрөсүнө кое берүүчү реабилитациялык борбор ачуу сунушталды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе 16-декабрда NABU Кыргызстан уюму тарабынан Ош шаарында уюштурулган жумушчу жолугушууда көтөрүлдү.

Жолугушууга мамлекеттик экологиялык мекемелердин өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Демилгени көтөргөн Экология министрлигине караштуу Ош облусундагы мекемелердин өкүлдөрү акыркы учурда жаракат алган же мыйзамсыз кармалган жапайы жаныбарлар боюнча көйгөйлөр көбөйгөнүн белгилешти.

"Айрым учурларда Кызыл китепке кирген жаныбарларды багып же сатууга аракет кылгандар кармалып, бирок аларды кайсы жакка өткөрүп берүү маселеси жаралат. Натыйжада жаныбарлар Ош шаарындагы зоопаркка тапшырылып келет. Бирок зоопарк жаныбарларды реабилитациялап, кайра жаратылышка кое берүү менен алектенбейт",-деп билдирген алар.

Белгилей кетсек, учурда NABU Кыргызстан уюмунун Чүй облусунун Кемин районунда жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбор иштейт. Ал жерге өлкөнүн бардык аймактарынан жарадар болгон жаныбарлар жеткирилип, дарыланып, калыбына келтирилгенден кийин жаратылышка кое берилет. Буга чейин сүлөөсүн, аюу, чүткөр сыяктуу бир катар жаныбарлар кайра эркиндикке чыгарылган.

"Бирок алыскы түштүк аймактардан жаракат алган жаныбарларды Кеминдеги борборго жеткирүү убакытты жана кошумча каражатты талап кылат. Ушуга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн бирдиктүү реабилитациялык борбор ачуу зарылдыгы белгиленди",-деп айтылат маалыматта.