Өлкөнүн ирригациялык түзүмүн жакшыртууга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ири каражат бөлөт

Экономика Загрузка... 18 Март 2025 13:10
WhatsApp Image 2025-03-18 at 13.08.47.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Европа Биримдиги тарабынан Кыргызстандын суу ресурстарын туруктуу башкарууну колдоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө 37,96 млн евро өлчөмүндөгү каражат бөлөт. Бул тууралуу маалымат Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, жалпы каржылык пакет 37,96 млн еврону түзүп, анын 26,93 млн евросу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан насыя, ал эми 1,03 млн евросу аталган банктан грант түрүндө, ошондой эле Азия-Тынч океан аймагы үчүн Инвестициялык фонддун алкагында 10 млн евросу Европа Биримдиги тарабынан грант катары берилмекчи.

Белгиленгендей, бул каражаттар Жалал-Абад жана Нарын облустарынын суу тосмолорун, насос станцияларын, магистралдык каналдарын жана бөлүштүрүү тармактарын камтыган маанилүү инфраструктураларын модернизациялоого багытталат. Бул жакшыртуулар суу жоготууларын кыскартып, электр энергиясын колдонууну төмөндөтүү менен көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтат.

Маалым болгондой, бул 2022-жылы ЕРӨБ акционерлери тарабынан жактырылган "Кыргызстандын климаттык туруктуу суу менен камсыздоо системасы" долбоорунун алкагындагы каржылоонун экинчи траншы. Бул долбоор ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну колдоп, өлкөгө экологиялык пайда алып келмекчи.