Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана ЕРӨБдун Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Камбар-Ата-1 ГЭСти" куруу долбоорун жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде ЕРӨБдүн Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан Кыргызстандын олуттуу ийгиликтерин белгилеп, улуттук экономиканын динамикалуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.
Ал "Камбар-Ата-1 ГЭСти" куруу долбоорунун маанисин өзгөчө белгилеп, аны маанилүү аймактык долбоор деп атады. Хусейн Озхан ошондой эле ЕРӨБдун Кыргызстанда, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында инфраструктуралык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга берилгендигин тастыктады.
Тараптар Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.