Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана ЕРӨБдун Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле артыкчылыктуу чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Кыргызстанда социалдык мааниси зор долбоорлорду колдоп жана ишке ашырып жаткандыгы үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле акыркы жылдары негизги секторлорду өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоонун аркасында Кыргызстандын экономикасы туруктуу оң динамиканы көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү. 2026-жылдын сегиз айында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,0%ды түздү. Экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтары курулуш, өнөр жай жана тейлөө чөйрөсү болуп саналат. Ушул контекстте ал туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн ролун жана колдоосун белгиледи.
Жолугушуунун алкагында "Камбар-Ата-1 ГЭСти" куруу долбоорун жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде ЕРӨБдүн Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан Кыргызстандын олуттуу ийгиликтерин белгилеп, улуттук экономиканын динамикалуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.
Ал "Камбар-Ата-1 ГЭСти" куруу долбоорунун маанисин өзгөчө белгилеп, аны маанилүү аймактык долбоор деп атады. Хусейн Озхан ошондой эле ЕРӨБдун Кыргызстанда, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында инфраструктуралык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга берилгендигин тастыктады.
Тараптар Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.