ЕРӨБ Өзбекстанга суу насосторун жаңыртуу үчүн 240 млн евро бөлдү

Борбор Азия Загрузка... 13 Июнь 2025 18:00
photo_13.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.06.25. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстанга ирригация системасын жаңыртуу үчүн 240 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгү маалымдады.

Аталган каражат мамлекеттин Суу чарба министрлигине берилет. Анын негизинде өлкө боюнча жайгашкан 110 насос станциясы жаңыртылат. Жаңы, энергияны аз сарптаган насос жабдуулары орнотулуп, 10 облусдагы ирригация системасына пайдаланылат.

Аталган долбоордун алкагында жыл сайын 251 гигаватт-саат электр энергиясын үнөмдөө жана атмосферага чыгарылган зыяндуу газдардын көлөмүн 117 миң тоннадан ашыкка азайтуу пландалууда. Ошондой эле станциялардын айрымдарына күн панелдери орнотулат.

Бул иштер Өзбекстанда ирригацияны жаңылоо боюнча улуттук программага шайкеш жүргүзүлүп жатат. Программа аркылуу өлкө ирригация системасындагы электр энергияны керектөөнү 25 пайызга кыскартууну, ошондой эле сугат жерлердин жарымына чейин суу үнөмдөөчү ыкмаларды киргизүү максаты коюлганы айтылууда.