Өлкөнүн бир катар облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 27 апрель 2026 17:00
Өлкөнүн бир катар облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селге байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 28-29-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.