Бишкек, 01.02.26 /Кабар/. Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси уюштурулуп, шаар тургундары өндүрүүчүлөрдөн товарларды ортомчусуз, арзан баада сатып алууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманкеде эттин баасы 680 сомдон, бадыраң 150–170 сомдон сунушталууда.
Жарманке Бишкектин борборунда, Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта өтүп жаткандыктан, жарандарга жана сатуучуларга ыңгайлуу. Мындан тышкары, жарманке чет өлкөлүк туристтердин да кызыгуусун жаратты.
Белгилей кетсек, мындай жарманкелер республиканын бардык аймактарында, ар бир райондо уюштурулууда. Айрым жерлерде социалдык соода түйүндөрү ачылып, эт арзан баада сатылууда. Жарманкелерди июнь айына чейин өткөрүү пландалууда.